2024-жылы Кыргызстанда 4 миллион 632,35 миң тонна көмүр өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-июлга карата реестрге ылайык, жарактуу көмүр лицензияларынын саны 392.
Быйыл көмүрдү казып алуу пландаштырылууда:
Баткен облусу — 1,7 млн тонна;
Ош облусу — 967,3 миң тонна;
Жалал-Абад облусу — 331,6 миң тонна;
Нарын облусуна — 1,6 млн.
2024-жылдын 6 айында Кара-Кече кенинен 437 миң 860 тонна көмүр өндүрүлгөн.
Кыргызстандын бүтүндөй өндүрүшүнүн жалпы көлөмү чакан ишканалардын биринчи жарым жылдыктагы өндүрүшүнүн көлөмүн эске алганда 1 миллион тоннадан ашык көмүрдү түзөт.