Эртең, 12-июлда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +30...+35,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27.
Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +33...+35 градус болот.