11-июлда күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет билдиргендей, 11-июлда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +29...+34,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +23...+28,
Баткенде түнкүсүн +16...+21, күндүз +29...+34,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +30...+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +31...+33 градус болот.