Ош шаарында «Алтын» рестораны күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 26-июнда мекеменин жанындагы имараттан чыккан. Өрт коомдук тамактануу жайына жайылган. Өрт өчүрүүгө алты бригада жана бир автотепкич тартылган.
Өрттүн аянты 1 миң 100 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар болгон жок. Өрт 27-июнга караган түнү толугу менен өчүрүлгөн.