18:28
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Эртең Жерге кооптуу астероид жакындайт

Эртең, 27-июнда «планета өлтүргүч» деп атаган чоң астероид Жерге жакындайт. 2011 UL21 астероиди Жердин жанынан 93 000 км/саат ылдамдыкта өтөт. Бул тууралуу Европа космостук агенттигинин расмий сайтында жарыялангандыгын чет элдик басылмалар жар салышты.

Маалыматка ылайык, окумуштуулар 2011 UL21 астероиди 66 миллион жыл мурда динозаврларды жок кылган космостук тектен беш эсе кичине экенин белгилешти. Мындай астероид континенттик масштабдагы соккуларды алып келиши мүмкүн жана глобалдык климаттын өзгөрүшүнө себеп болчу таштанды ыргытышы божомолдонуп жатат.

Астрономдордун айтымында, астероид телескоптордун жардамы менен түнкү асманда көрүнөт. Ал эми анын жердин айланасына кийинки сапары 2089-жылы гана күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар