02:13
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

U-17: Кыргызстандык дагы эки балбан Азия чемпиону болду

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар Иорданияда өткөн 17 жашка чейинки (U-17) спортчулар арасындагы Азия чемпионатында дагы эки алтын утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылды.

Маалыматка ылайык, 22-30-июнь аралыгында өтүп жаткан мелдешке 17 жашка чейинки балбандар катышууда.

Алтын байгени Садыр Кайыпбеков (45 кг) менен Өмүрбек Асан уулу (60 кг) утуп, Азия чемпиону болду.

Эскерте кетсек, күн мурун ушул эле мелдеште Нурсадык Нурдинов (65 кг салмак) алтын жана Самидулло Алимжанов (80 кг) коло байге утту .

Эң көп окулган жаңылыктар