10:06
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

13-июнда күтүлгөн аба ырайы

13-июнда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кага айланат. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр нөшөрлөп жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 25...30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36;

Ысык-Көл облусунда тункүсүн 9...14, күндүз 19...24;

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19...21°, күндүз 32...34° ысыйт.

Эң көп окулган жаңылыктар