21:46
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Бүгүн Россия күнү: маани — маңызы эмнеде? Кандай белгиленет?

Бул күн расмий түрдө Орусияда жыл сайын 12-июнда белгиленет. Бул майрам качан пайда болгон, анын маани — маңызы эмнеде?

«Россия күнү» деп аталган майрам 30 жыл мурун белгилене баштаган. Өлкөнүн бардык жарандары үчүн маанилүү болгон бул майрам 1990-жылы Мамлекеттик эгемендүүлүк декларациясынын кабыл алынышы менен байланыштуу болгон.

Майрамдын белгилениши

Россия күнү майрамы 1992-жылдын 11-июнунда Россия Федерациясынын Жогорку Советтинин № 2981-I «12-июнь майрамы жөнүндө» токтому менен бекитилген. Ал эми 1994-жылы, ал мамлекеттик статусун жана Россиянын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларация кабыл алынган күнү деген аталышты алган. Ал эми 2002-жылы «Россия күнү» деп аталышы өзгөртүлгөн.

Салтуу майрамдалышы

Россия күнүндө өлкө боюнча тематикалык майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Борбор калаада жылдан-жылга майрамдык иш-чаралардын негизги жери Кызыл Аянт бойдон калууда, анда майрамдык иш-чаралар (мисалы, өлкөнүн алдыңкы артисттеринин катышуусунда концерт) гана эмес, ошондой эле түстүү фейерверктер да өткөрүлөт.

Майрамдык программанын дагы бир салттуу бөлүгү — Кремлдин алдында Президент тарабынан Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлөт. Бул күнү маданият жана илим ишмерлерин сыйлоо салты 1995-жылдан бери бар.

Россиянын башка шаарларында да бул майрамга карата өздөрүнүн тематикалык программалары, акциялары жана иш-чаралары болот.

Майрам кандай белгиленет?

Өлкөнүн көпчүлүк калктуу конуштарында Россия күнүнө карата майрамдык программанын милдеттүү бөлүгү болуп ар кандай коомдук иш-чаралар, патриоттук иш-чаралар, элдик майрамдар саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар