15:31
USD 87.45
EUR 99.28
RUB 1.06

Бүгүн Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалат

Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясын жасоо бүгүн, 10-июнда башталат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2 бейтаптын боору алмаштырылат

Боорду трансплантациялоону жергиликтүү дарыгерлер жасашат. Алар Түркияда боор трансплантациялоо боюнча окуудан өтүп келишкен. Операция учурунда түрк адистери көмөктөшөт. Буга чейин анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган түрк дарыгерлер тобунун келери айтылган эле.

«Боорду алмаштыруу боюнча бардык операциялар президенттин фондунан каржыланат. Боорду алмаштыруу боюнча бир операция 25-30 миң долларды түзөт. Бардык муктаждар үчүн боорду алмаштыруу боюнча процедураларды жеткиликтүү кылуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысынын жеке фондунан каржылоо чечимин кабыл алган», — деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Эске салсак, өлкөдө былтыр бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Андан бери он чакты бейтапка операция жасалды. Кезекте 110 бейтап турат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG