12:12
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстандын Кувейттеги жаңы элчиси дайындалды

Нурлан Токобаев Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Нурлан Токобаев Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Буга чейин бул кызматты аркалып келген Азамат Карагулов 2024-жылдын март айында бошотулган. Ал үч жыл иштеген.

Эске салсак, Нурлан Токобаев 1987-жылы 25-апрелде туулган. Эл аралык Кувейт университетинин экономика жана башкаруу кафедрасынын доценти болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар