15:01
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Террористтик аракеттери үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

Террористтик жана сепаратисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө террористтик жана сепаратисттик багыттагы кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган А.И.И. аттуу КР жараны аныкталып, кармалды.

Тактап айтканда, А.И.И. жана анын шериктери 2010-жылдагы окуядан кийин Ош облусунун тургундарынын арасынан Кыргызстандын аймагында террордук актыларды жасоону көздөп, бул үчүн ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды сатып алышкан.

2011-жылы курал-жарак жана жардыргыч заттар көмүлгөн жай табылгандан кийин А.И.И.нин эки шериги кармалып, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган, ал эми кылмыштуу топтун төрт мүчөсү, анын ичинен кармалган жаран качып кетүүгө үлгүргөн.

УКМК террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар