23:59
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Бишкектеги «Эл достугу» монументин оңдоого 32 миллион сом сарпталат

wikimapia.org
Фото wikimapia.org. «Элдердин достугу» монументи

Жогорку Кеңештин имаратынын жанындагы «Эл достугу» монументин оңдоого 32 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, сынакты Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.

Техникалык тапшырмаларга мрамор же травертин менен кайра каптоо, тазалоо жана эстеликтин жез бөлүгүнө коргоочу компоненттерди колдонуу кирет.

Белгилей кетсек, Ала-Тоонун борбордук аянты реконструкциялоого жабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума