Кыргызстандык спортчу Эрлан Шаров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Дзюдо федерациясы маалымдады.
90 килограммга чейинки салмак ченинде кыргызстандык спортчу 1/8 финал баскычынан баштады.
Ал индиялык атаандашын жеңип, бирок чейрек финалда ливандык дзюдочуга утулуп калды.
Жубатуучу турнирдин биринчи турунда Эрлан Широв Комромсох Юстопирионду (Тажикстан) жеңип, андан кийин Арам Григорянды (БАЭ) утту.