22:09
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

СССР курамасынын дарбазачысы Лев Яшин футбол тарыхында эң мыкты дарбазачы аталды

СССРдин курама командасынын жана Москванын «Динамо» командасынын дарбазачысы Лев Яшин Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы федерациясы (IFFHS) тарабынан бардык мезгилдердин эң мыкты дарбазачысы деп табылды.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. СССР курама командасынын дарбазачысы Лев Яшин футбол тарыхындагы эң мыкты дарбазачы деп табылды

Рейтингдин алдыңкы 3-орунга италиялык Жанлуиджи Буффон жана германиялык Мануэль Нойер да кирди.

IFFHS алдыңкы ондугуна испаниялык Икер Касильяс (төртүнчү) жана Рикардо Самора (тогузунчу), англиялык Гордон Бэнкс (бешинчи), чехиялык Петр Чех (алтынчы), италиялык Дино Зофф (жетинчи), германиялык Зепп Майер (сегизинчи) жана Оливер Кан (онунчу) кирди.

Дарбазачылар арасындагы «Алтын топтун» жалгыз жеңүүчүсү (1963) Лев Яшин мурда ФИФА тарабынан 20-кылымдын мыктысы деп табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар