USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Мурдагы UFC чемпиону Конор Макгрегор кыргызстандык Валентина Шевченкону баалады

12:26, 13 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Аралаш мушташ боюнча ирландиялык мушкер жана эки салмак категориясында UFCнин мурдагы чемпиону Конор Макгрегор кыз-келиндер арасында жеңил салмактагы UFC чемпиону Валентина Шевченко тууралуу айтып берди.

Валентина Шевченко UFC 315тин башкы беттешинде француз айымы Манон Фиорону бир добуштан жеңип алды

Конор Макгрегор Валентина Шевченкону тарыхтагы эң мыкты мушкер айым деп эсептейт.

«Валентина-Пуля Шевченко, чынында, бул планетадан эмес! Укмуш мушкер айым. Тарыхтагы эң мыкты — мен үчүн», — деп жазды ал социалдык тармактарга.

Эске салсак, Валентина Шевченко 12-майга караган түнү Монреалда (Канада) өткөн UFC 315 турниринин башкы беттешинде француз айымы Манон Фиорону бир добуштан жеңип алган.

Кыргызстандык жеңил салмак категориясында сегиз жеңишке ээ болду. Бардыгы болуп 25 жеңиш, төрт жеңилүү жана бир тең чыгуу бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика