21:35
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ымыркайлар 19-апрелде Шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген.

Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 33 жумалыгында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн. 1 миң 930 грамм, 2 миң 660 грамм, 2 миң 660 грамм салмактагы эркек балдар төрөлдү.

Алгачкы суткада наристелер реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болушкан. Бүгүнкү күндө алар ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүүнүн экинчи баскычындагы бөлүмдө. Наристелердин жана эненин абалы канааттандырарлык.

Эң көп окулган жаңылыктар