05:13
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкектин мэри июлда тѳрѳлгѳн үч эмдин ата-энесине 90 миң сом белек кылды

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2022-жылдын июль айында эки уул жана бир кыз үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды. Бул тууралуу мэриянын басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэр үй-бүлөгө чың ден соолук, жакшылыктарды каалап, 90 миң сомдук материалдык жардам тапшырды.

Эске салсак, Сатымкулова Нурзада Көчөркановна 27-июль күнү саат 18:15те Шаардык перинаталдык борбордо көз жарган. Биринчи баланын салмагы 1995 гр, бою 45 см, экинчиси кыз 1990 гр, бою 45 см, үчүнчү эркек баланын салмагы 1885 гр, бою 44 см. Балдарга Айданек, Шыгай, Абай ысымдары коюлду.

Бишкек шаарынын мэриясы үч эмдин ата-энелерин балдарынын бешик боосу менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук, бардык жакшылыктарды, ал эми апасынын тезирээк тыңып кетишин каалайт.

Маалымат үчүн: Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы «Аз камсыз болгон жана жеңилдик алган жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтому менен бекитилген «Бишкек шаарынын жашоочуларына жана жөлөкпул алууга укугу бар жарандарга даректүү социалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 22-беренесине ылайык, үч эм төрөлгөндө 900 эсептик көрсөткүчтө — 90 000 сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Балдары төрөлгөндө ата-энелер Бишкек шаарында туруктуу каттоого турушу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар