22:23
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде 3 эм төрөлдү

Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-декабрда 35 жаштагы К.Ш. кесарево жолу менен төрөдү. Наристелердин салмагы −3,020, 2,950 жана 2,320 килограмм.

Учурда ымыркайлар энесинин жанында.

Эске салсак, буга чейин өкмөт үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага элүү миң сомдон бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулун төлөп берет деген чечим кабыл алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар