20:53
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Ош шаардык перинаталдык борборунда дагы 3 эм төрөлдү

Ош шаардык перинаталдык борборунда дагы 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

31 жаштагы А.А., аттуу келин төрөт үйүнө 14-ноябрда келген. 16-ноябрда ал кесарево жолу менен 3 кыздуу болду. Наристелердин ар биринин салмагы 2 килограммдан жогору.

Эске салсак, жыл башынан бери эсеп боюнча жетинчи үч эм төрөлдү. 28-октябрда Ош шаардык төрөт үйүндө 3 эм төрөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар