01:44
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте үч эм төрөлдү

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын 33 жаштагы тургуну бир кыз жана эки уулду кесарево жолу менен жарык дүйнөгө алып келди. Наристелер кош бойлуулуктун 36-жумасында төрөлүштү.

«Ымыркайлардын төрөлгөндөгү салмагы 3 килограмм 10 грамм, 2 килограмм 345 грамм жана 2 килограмм 45 грамм болгон. Эне менен ымыркайлардын абалы туруктуу», — деп белгиледи мекеме.

Саламаттык сактоо министрлиги
Фото Саламаттык сактоо министрлиги. Бишкекте үч эм төрөлдү

Эң көп окулган жаңылыктар