21:05
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Эртең Бишкектин батыш бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт

Эртең, 16-апрелде Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Бул жөнүндө мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Батыш» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 22:00гө чейин токтотулат.

Өчүрүү аймагына төмөнкүлөр кирет:

  • Алыкулов көчөсү — Чоң Чүй каналы — Ала-Арча дарыясы — Толстой көчөсү;
  • Юбилейный көчөсү — Горький көчөсү (Пригородный айылы) — Садовой көчөсү (Пригородный айылы) — Чоң Чүй каналы;
  • «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер», «110-квартал» жаңы конушу, Достук кичи району.


«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар