USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Ала-Тоо аянтын модернизациялоо. Скверлер, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар жабылат

10:51, 12 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Ала-Тоо аянтында мэрдин орун басары Азамат Кадыровдун, Биринчи май районунун башчысы Сарылбек уулу Уландын жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда аянтты реконструкциялоо маселеси боюнча көчмө жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө реконструкциялоонун эскиздик долбоору «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасында аяктоо стадиясында турат, жакынкы арада аны ишке ашыруу боюнча иштер башталат.

Эмгек Даңкы, Достук скверлери, Таттыбүбү Турсунбаева жана Эл достугу монументи, анын ичинде Ала-Тоо аянтындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү зоналар убактылуу жабылат.

Мэрия реконструкциялоого байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Буга чейин «Бишкекбашкыархитектуранын» коллегиясында эскиздер сунушталган.

Маалымдалгандай, аянтты маданий жана туристтик жайга айлантуу пландалууда. Ошондой эле долбоор боюнча, 100 метрлик флагшток орнотулат, азыр анын бийиктиги 45 метрди түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18