22:30
USD 88.35
EUR 95.16
RUB 0.95

Бишкектин Ала-Тоо аянтын модернизациялоо сунушталды

Бишкектин Ала-Тоо аянтын модернизациялоо пландалууда. Долбоорлорду «Бишкекбашкыархитектуранын» жетекчиси Урмат Карыбаев ишкананын коллегиясында сунуштады.

Аянтты маданий жана туристтик жайга айландыруу пландалууда.

Мындан тышкары, 100 метрлик флагшток орнотуу сунушталды, азыр анын бийиктиги 45 метрди түзөт.

Коллегияда ошондой эле жол-транспорт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган чечимдер, анын ичинде «акылдуу» унаа токтотуучу жай системасын киргизүү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн тоскоолдуксуз мейкиндиктерди, диагоналдык жөө өтмөктөрдү, транспорт түйүндөрүн түзүү, велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү, асма жолдорду куруу, жакшыртуу жана жаңы транспорт түйүндөрүн куруу сунушталды.

Мындан тышкары, жаңы ипподром, «Спартак» стадионунун кичи аренасы, «Ала-Тоо» аянтын модернизациялоо боюнча архитектуралык чечимдер, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээктерин жакшыртуу боюнча долбоорлор сунушталды.

Эң көп окулган жаңылыктар