12:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутат Шайлообек Атазов учурда Түркияда дарыланып жатканын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов өзүнүн Facebook баракчасында учурда Түркияда дарыланып жатканын билдирди.

Ал жүрөгүнө атайын медициналык аппараттар орнотулгандыктан акыркы төрт күндөн бери телефон жана башка байланыш каражаттарын колдоно албагынын айтты.

«Кудайга шүгүр. Азыр бир кыйла жакшымын. Сиздерден кечирим сурайм. Көптөгөн журналистер, туугандар, ага-инилер, спортчулар, достор чалган экенсиздер. Убагында жооп бере албадым. Кечирим сурайм. Мындан сырткары буйрутма жазмакерлер аркылуу кесиптешим Айбек Осмонов экөөбүздү өлкөдөн шашылыш чыгып кетти деп Кадыржан Батыров, Батукаев же дагы башка бир тероррист сыяктуу каттуу талкуу болгон экен», — деп жазган ал.

Депутат дарылануу максатында төраганын атына кат жазып, мыйзам чегинде Түкияга жалгыз баргынын айтты.

«Депутат Айбек Осмонов бир канча күндөн кийин үй бүлөсү менен чыгыптыр. Ортобузда бир канча күн айырмачылык бар. Деги эле ден-соолуктан ким саясат жасап жатат?», — деди депутат.

«Буюрса, аз күндөрдө дарылануу курсум аяктап барып калам. Ага чейин буйрутма заказдарды алып, гыйбат, куру доомат, ушак-айыңдар менен каралап жаткандарга ыйман тилейм. Урматтуу саясатчылар, фейктер жана башкалар! Бирөөнү каралап жазаардан алдын Кудайдан коркууга чакырам! Ал эми адамдын эркиндиги, укугу, абийири, намысы Конституциябызда корголгон. Биз мыйзамдуу мамлекетте жашайбыз. Мамлекетибизде мыйзамдуулук, адилетүүлук болушун тилейм», — деп жыйынтыктады Шайлообек Атазов.

Буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 24.kg агенттигине депутаттар Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазовдун парламент жыйындарына катышпай жатканы боюнча комментарий берген.

Мекеменин маалыматына караганда, Айбек Осмонов 26-февралдан май айына чейин өргүү алган. Шайлообек Атазов белгисиз мөөнөткө ооруп жатканы тууралуу баракча (больничный) алган.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешеси бар деп айтылган «Регион ТВ» телеканалы Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу сюжеттерди чыгарган. Аларда экс-бажычынын бир тууганы Искендер Матраимов, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, ошондой эле «чет элдик өкүл» мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматованын аты аталган. Респонденттер Жогорку Кеңештин бул депутаттары мандаттарын ыктыярдуу өткөрүп бериши керектигин белгилешкен.

Аталган эфир чыккандан кийин Борбордук шайлоо комссиясы депутаттар Абдывахап Боронбаев, Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Эске салсак, буга чейин УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси «кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө» боюнча шектелүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар