12:02
USD 87.45
EUR 91.06
RUB 0.95

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары кармалды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды. Бул жөнүндө УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч.У.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган министрликтин башка кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгын аныктоого багытталган зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы. Шектүү

Белгилей кетсек, Чаначев Улан Белековичтин аты-жөнү баш тамгаларга туура келет. Ал кызматка 2023-жылдын май айында дайындалган. Укуктук камсыздоо, санариптештирүү жана эл аралык кызматташтык маселелерин көзөмөлдөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар