13:24
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандар азайууда

Кыргызстанда 5-февралдан 11-февралга чейин бир жума ичинде курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 7 миң 216 учуру катталган. Бул туралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жумага салыштырмалуу оору бир аз азайган.

Ооругандардын жарымынан көбү 14 жашка чейинки балдар.

Мындан тышкары, COVID-19 инфекциясынын жумалык мониторинги уланууда. Бир жумада төрт учур катталган, алардын бири Бишкекте жана Ошто, экөө Чүй облусунда.

Эпидемиялык абал көзөмөлдө.

Эң көп окулган жаңылыктар