19:38
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри кармалды

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаевге) Чолпон-Ата шаарындагы 10 миллион сомдон ашык жер тилкесин берүүгө шаардын экс-мэринин тиешеси бар.

Анын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдын ок-дарылары табылган.

Соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. бир айга камакка алынды.

Белгилей кетсек, ушундай эле кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл району боюнча «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын филиалынын адиси М.Т.Б. кармалып, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар