18:56
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

WhatsApp аркылуу шантаж менен акча талап кылган жаран кармалды

Шантаж жолу менен акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, IT адиси кыздын ар-намысына шек келтирген маалыматты таратам деп коркутуп, шантаж кылып, ири суммадагы акча каражатын талап кылган.

Ал издерди адаштыруу үчүн бир нече абоненттик номурларды колдонгон жана акча бир нече эсептер аркылуу иштетилип, андан кийин гана анын колуна тийген.

Иликтөө Бишкек шаарынын тургуну милицияга үстүбүздөгү жылдын башында WhatsApp аркылуу акча каражатын опузалап жаткан белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылгандан кийин башталган. Ал 200 миң сом талап кылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон.

Январь айынын ортосунда шектүү жаранга 10 миң сом өлчөмүндө акча жөнөтүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө акча бир нече эсеп аркылуу өткөнү, андан сырткары өткөн жылдын декабрь айында паспортун жоготкон жарандын маалыматтары колдонулганы аныкталган. Сурак учурунда аталган жаран акча которууларды билбегендиги жана жүргүзбөгөнү белгилүү болду.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шектүү аныкталып, ал Нарын облусунун 1995-жылы туулган тургуну кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар