18:39
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкек жылуулук электр борборун оңдоого миңдей адис тартылды

Бишкектин жылуулук электр борборундагы кырсыктын кесепетин жоюу жана оңдоо үчүн 991 адис жана 23 техника иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-февралда кабарлагандай, борбордун ичиндеги сууну сордуруу иштери аяктады. Калыбына келтирүү жумуштары уланууда.

Иштеп жаткан адистердин теңине жакыны Энергетика министрлигине караштуу ишканалардын жумушчулары, дагы 400дөйү Мамлекеттик курулуштун адистери. Андан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, милициянын да өкүлдөрү бар.

Жекшембиде өкмөттүн Медиа штабы 8 отказан, 4 турбогенератор иштеп жатканы, 727 үйгө ысык суу берилгенин билдирди.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң квт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60 пайызга жакынын тейлейт. Жалпысынан 15 отказан бар.

2018-жылы 26-январда да катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкектин тургундары бир нече күн жылуулуксуз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда, 2017-жылы Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар