12:21
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

ЖЭБдеги авария. Кырсыктын себеби катары эки версия каралып жатат

«Учурда кырсыктын себептерин аныктоо боюнча негизги иштер жүрүп жатат, эки версия каралууда», — деди бүгүн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Анын айтымында, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен диверсия болгон деген вариант дагы каралып жатат.

Түнкү саат 3:00 чамасында катуу үндөр чыккан.

Бообек Ажикеев

«Албетте, биз техногендик себепти да жокко чыгарбайбыз. Техникалык жагдайлар дагы болушу мүмкүн», — деди ал.

Бүгүн түндө Бишкек жылуулук борборунда авария болгону маалымдалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, от казандардын бири жарылган. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өтүштү. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

Эң көп окулган жаңылыктар