06:03
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

ЖЭБдеги авария. Акылбек Жапаров Казакстандагы сапарын токтотуп, Бишкекке кайтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандагы сапарын токтотуп, Бишкекке кайтты. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине өздүк булактарынан белгилүү болду.

Акылбек Жапаров иш сапарын Бишкек ЖЭБиндеги авариядан улам токтоткон. Министрлер кабинетинин башчысы борборго келери менен президенттин администрациясында жыйын болот.

Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунда түндө жарылуу болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жылытуучу казандардын бири жарылган. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

Эң көп окулган жаңылыктар