15:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Февраль айында биринчи класстын окуучулары кошумча каникулга чыгышат

Февраль айында биринчи класстын окуучулары кошумча каникулга чыгышат. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Адистердин айтымында, ар бир мектеп окуучуларды эс алууга качан кое берүүнү өз алдынча чечет жана аны райондук билим берүү бөлүмү менен макулдашат.

Борбор калаадагы билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, азырынча Бишкек боюнча так дата жок, буйрук чыга элек.

Эскерте кетсек, биринчи класстын окуучуларынын жашын эске алуу менен үчүнчү чейректе бир жумалык кошумча эс алуу берилет.

Бардык окуучулар үчүн жазгы каникул 21-31-мартка белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар