13:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын мектептеринде күзгү каникул 6-ноябрда башталат

Кыргызстандын мектептеринде күзгү каникул 6-ноябрда башталат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык эс алуу 12-ноябрга чейин уланат. Сабактар кайрадан 13-ноябрда башталат.

Белгилей кетсек, ноябрь айында кыргызстандыктар бир нече күн эс алышат. 7-8-ноябрда республикада тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Алар шейшемби жана шаршемби күндөрүнө туура келет. Буга чейин министрлер кабинети 6-ноябрдагы иш күнүн (дүйшөмбү) 11-ноябрга жылдырган (ишемби). Ошентип, кыргызстандыктар 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштешет.

Эң көп окулган жаңылыктар