02:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бийлик жана ишкерлер нандын баасын көтөрбөөгө макулдашты

Экономика жана коммерция министрлиги, Айыл чарба министрлиги, монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана ун чыгаруучу ишканаларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлдү.

Тараптар рынокту сапаттуу буудай уну жана мал чарбачылыгы үчүн тоют менен жеткиликтүү баада камсыз кылууга макулдашты. Мындан тышкары, ун чыгаруучу ишканалар республикада ун жана нандын бааларын туруктуу кармоого милдеттендирилди.

Макулдашуу 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар