22:48
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тажикстанда ун кымбаттады

Тажикстанда ун кайрадан кымбаттады. Учурда Душанбе базарларында бир кап ун сортуна жараша 160-180 сомони (17-19 доллар) турат. Сентябрда биринчи сорттогу бир кап ундун наркы 148 сомони болгон.

Душанбелик сатуучу Хайриддин Гафуровдун айтымында, Казакстан өз буудайын жаңы баа менен экспорттой баштагандан бери ундун баасы көтөрүлүп кеткен.

Бул арада Казакстан келечекте буудай экспортунан баш тартып, өлкөдө чогулган түшүмдү толугу менен кайра иштетип сатуу маселесин кароодо. Жергиликтүү ММКлар Караганда облустук тегерменчилер жана набайчылар ассоциациясынын башчысына шилтеме берүү менен Казакстан буудайды чийки зат (сырьё) катары экспорттобой, ун өндүрүшүн төрт эсеге көбөйтүп, өлкөдө өстүрүлгөн буудайдын баарын кайра иштетүүгө кудуреттүү экенин маалымдашкан.

Тажикстан бийлиги болсо өлкө унга болгон муктаждыкты толугу менен камсыздай ала турганын билдирип келет.

Быйыл августта Өндүрүш жана жаңы технологиялар министрлиги биринчи жарым жылдыкта ички керектөө базарын камсыздоодо жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун үлүшү дээрлик 96% түзгөнүн кабарлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума