13:28
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Түркменстанда ун тартыштыгы уланууда. Бийлик элдин ашыкча унун тартып алмакчы

Түркмөнстандын түндүк аймактарында ун тартыштыгын жергиликтүү калктын ашыкча унун конфискациялоо аркылуу жоюу жолдору караштырылууда. Бул тууралуу centralasian.org маалымдайт.

«Абалдан чыгуу жолдорунун бири катары колунда бар адамдардын үйүн текшерип, ашыкча унун конфискациялоо каралууда», — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү тургун.

Анын айтымында, учурда атайын көзөмөл комиссиясы жарандарга ашыкча уну конфискацияланышы мүмкүндүгү тууралуу эскертүү берүүдө.

Акыркы айларда өлкөдө ун тартыштыгы байкалып, анын баасы өсүүдө. Буга байланыштуу түркмөнстандыктардын көбү мүмкүн болгон сайын ун сатып алып коюуга өткөндүгү айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар