22:03
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Борбор калаада нандын баасына мониторинг жүргүзүлүүдө

Бишкекте нан азыктарынын (тандыр нан, 1-сорттогу бөлкө нан) бааларын негизсиз кымбатташы жана алардын өсүшүнө жол бербөө максатында өндүрүүчүлөрдүн (наабайчылардын), нан сатуучулардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык нан азыктарын өндүрүүчүлөрдү жана сатуучуларды Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын «Бишкек шаарында биринчи сорттогу буудай унуна (бөлкө нан) жана нан азыктарынын (тандыр нан) бааларын максималдуу деңгээлде белгилөөнүн 90 күнү тууралуу» буйругу менен тааныштырышты.

Аталган буйрук аткарылбаган учурда мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

Бааларды көзөмөлдөө чаралары улантылат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда биринчи сорттогу ундан жасалган нан азыктарына максималдуу чекене жана дүң баалар белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар