16:10
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тоолуу Бадахшанда унга ууланагандардын саны өсүүдө

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда гелиотроп чөбү кошулуп кеткен унга уулангандардын саны 39га жетти.

Өткөн аптанын соңунда 20га жакын бейтап «гелиотроптук гепатит» диагнозу менен ооруканага жаткырылып, алардын көбү 3-5 жаштагы балдар болушкан. Бул тууралуу Тоолуу Бадахшан автономдук облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынан билдиришти.

Гелиотроптук гепатит — гелиотроп отоо чөбү кошулуп кеткен ундун нанын жегенде пайда болуп, адамдын боорун начарлатат. Оорунун алгачкы учурларында боор чоңоюп, андан соң сарыкка мүнөздүү болгон башка белгилер пайда боло баштайт.

Буга чейин январдын соңунан бери гелиотроп чөбү кошулуп кеткен унга 19 киши ууланып, 11 жаштагы бала каза болгону кабарланган. Облустук акимчиликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ооруканага жаткырылгандардын көбү аймактагы Ишкашим районунун жашоочулары.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Бадахшан автономдук облусуна адистер тобун жөнөтүп, алар ооруга буудай менен кошо тегирменге түшкөн гелиотроп чөбү себеп болгонун аныкташкан.

«Жалпысынан ал районго 5,5 тонна буудай алынып келинген, жергиликтүү тургундар анын 2 тоннадан ашыгын жеген. Абал чынында эле оор. Борбордон барган адистер алардын өмүрүн сактап калуу үчүн болгон аракеттерин көрүп жатышат», — деп билдиришти облустук саламаттык сактоо башкармалыгынан.

Эң көп окулган жаңылыктар