05:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда ун жана буудайды экспорттоого тыюу салынды

Министрлер кабинетинин «Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтому кабыл алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Алты айга буудай унун жана азык-түлүк буудайын экспорттоого тыюу салынды. Чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу үчүн кабыл алынды.

Документ 22-сентябрда кабыл алынып, расмий жарыялангандан үч күндөн кийин, башкача айтканда, бүгүн күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар