21:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын хоккей командасы дүйнө чемпионатында Жаңы Зеландияга утулуп калды

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы 21-29-январда Болгариянын София шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатына катышууда. Бул тууралуу турнирдин сайтында маалымдалды.

Кыргызстандын курамасы үчүнчү дивизиондо ойнойт.

Команда алгачкы эки оюнда утулуп калды — Түркияга (2:3) жана Жаңы Зеландияга (1:12). 25-январда кыргызстандыктар Израилдин командасы менен жолугушат.

Турнирге Кыргызстандан тышкары Түркия, Жаңы Зеландия, Болгария, Мексика жана Израиль катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар