«Берекет Универсал» соода комплексинин аймагында контрафакттык тамекилерди сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 миң 545 даана тамеки алынган.
«Ишкерлерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт. Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат», — деп белгиледи мекеме.
Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок тамекини 500 даанага чейин саткандарга 65 миң сом, ал эми 1 миңден ашуун тамеки үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.