00:14
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Мамкурулуштун башчысы мыйзамсыз курулган коммерциялык объекттер бузуларын айтты

Кыргызстанда бүгүнкү күндө курулуп бүтө элек 250 объект бар. Алардын курулушу качан бүтөт? Бул суроого Мамкурулуштун башчысы Нурдан Орунтаев «Биринчи радионун» эфиринде жооп берди.

Анын айтымында, 2023-жылы 210 объект пайдаланууга берилген, ал эми быйыл 250 объект курулат.

«Өткөн жылы курулуш боюнча рекорддук көрсөткүч болуп, мамлекеттик бюджеттен 12 миллиард сом бөлүнгөн. Быйыл биз курулуп бүтө элек объектилерди бүтүрүүнү пландап жатабыз», — деди чиновник.

Ал январь айынын башында мыйзамсыз тургузулган коммерциялык имараттар боюнча маселени чечүү үчүн жаңы комиссия түзүлгөнүн белгиледи.

«Айрым ири объектилерди бузууга аргасызбыз. Ээлери бул тууралуу кабардар болушту. Белгилүү бир талаптар бар. Эгерде ээлери аларды аткарбаса, анда имараттарды өзүбүз бузушубуз керек болот», — деп кошумчалады Нурдан Орунтаев.

Эң көп окулган жаңылыктар