11:57
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келип, Ташиев менен жолукту

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолукту. Бул тууралуу ал Facebook баракчасында билдирди.

«Кыргызстанга келип силер менен амандашып турганыма кубанычтамын. Өзүңүздөр көрүп тургандай Камчыбек Кыдыршаевичтин кабыл алуусунда болуп, улуттук баалуулуктар жана Манас дастанын жайылтуу жана улуттук идеология боюнча баарлаштык», — деп жазган ал.

Анын айтымында, ал Камчыбек Ташиевдин Манас улуттук баатыр, улуттун жүзү катары даңазаланышы керек деген ойлорун угуп кубанган.

«Ошону менен бирге буга чейин эстелик коюлбаган үч облуска (Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад) Манас баатыр эстелигин курууну колдоп, иш башталаарын билдирди», — деди манасчы.

Эске салсак, өткөн жылы апрелдин аягында «Ысыл-Көл» мейманканасын бузуу учурунда курулушчулар этнокомплекстин тосмосунун бир бөлүгүн бузуп, 5 соток жерин тартып алышкан. Комплекстин директору Дөөлөт Сыдыков буга каршы чыккан. Ал президенттин администрациясына жана Садыр Жапаровдун айланасындагыларга сын менен кайрылган. Андан кийин манасчы жумуштан кеткенин айтып, өлкөдөн чыгып кеткен. Себебин бийлик тарабынан жасалган басым деп атаган.

Учурда «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекет башчысынын администрациясынын жаңы имараты курулуп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар