16:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ТИМ: кыргызстандык аялдын сөөгү Индиядан мекенине кайтарылды

Тышкы иштер министрлиги сөөгү Индиянын Ришикеш шаарындагы мейманканада асынган абалда табылган 32 жаштагы кыргызстандык келиндин окуясы боюнча комментарий берди.

Белгиленгендей, 2024-жылы 5-январда Кыргызстандын Индиядагы элчилигине Ришикеш шаарындагы мейманканадан кыргызстандык турист аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Элчилик ыкчам түрдө Индиянын укук коргоо органдарына аталган факты боюнча толук маалымат берүү өтүнүчү менен кайрылып, маркумдун жакын туугандары менен байланышкан.

Ришикеш шаардык полициясынын маалыматына караганда, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Министрлик маркумдун жакындары сөөктү мекенине кайтаруу өтүнүчү менен кайрылганын белгилейт.

«Бардык зарыл процедуралардан кийин Кыргызстандын министрлигинин жана чет өлкөдөгү мекемесинин жардамы менен 2023-жылы 8-январда жүк 200 Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилген», — деп белгиленет билдирүүдө.

Буга чейин маалымдалгандай, 32 жаштагы кыргызстандык туристтин сөөгү Индиянын Ришикеш шаарындагы мейманкананын бөлмөсүндө асынып турган жеринен табылган.

Эң көп окулган жаңылыктар