03:03
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кемпир-Абад иши. Бектур Асановго операция жасалат

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан Бектур Асанов стационардык дарыланууга чыгарылат. Ал операцияга муктаж. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Мекемеден белгилешкендей, Бектур Асанов 4-декабрда душка түшүп жатып, кафель полго тайгаланып жыгылып, моюн омурткасын оорутуп алган. 14-декабрда ага «Кортекс» медициналык борборунда бел омурткасына МРТ жасалган.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун экс-губернатору врач-нейрохирург, Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысынан консультация алып, ал ыкчам дарылоодон өтүүнү сунуштаган. Бирок оорулуу андан баш тарткан.

Бектур Асановду 25-декабрда ЖАКтын башкы медициналык башкармалыгынын дарыгерлери көрүп, Улуттук госпиталга операциянын датасын жана убактысын аныктоо өтүнүчү менен кат жөнөтүлгөн.

Буга чейин Гүлнара Журабаева Бектур Асанова тез арада операцияга муктаж болгонуна карабай тергөө абагында кармалып турганын билдирген.

Белгилей кетсек, 27-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум өттү.

Эске салсак, 2022-жылы 22-октябрда Кемпер-Абад суу сактагы боюнча комитет түзүлгөн. Ага активисттер, саясатчылар жана парламенттин депутаттары кирген. Ошол эле күнү «Кабар» агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча митинг-жүрүштөрдүн артында кимдер турганы тууралуу маалымат бар экенин билдирген.

23-октябрдан баштап массалык камакка алуулар башталган. Бийлик жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү деген айып менен 27 кишини кармаган. Учурда 11 адам камакта.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Бүткүл дүйнөлүк кыйноолорго каршы уюм (OMCT), Норвегиянын Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду (HFHR), «Свобода сейчас» (Freedom Now) сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары камалган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган.

Эң көп окулган жаңылыктар