06:54
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кемпир-Абад иши. Айыпталуучулардын бири шашылыш операцияга муктаж

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулардын бири, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асанов шашылыш операцияга муктаж. Бул тууралуу Гүлнара Журабаева билдирди.

Анын айтымында, ал 20 күн мурун жыгылып, мойнун кокустатып алган. «Шашылыш операцияга муктаж экендиги тууралуу тиешелүү медициналык корутунду болсо да, аны ооруканага жаткырышпай тергөө абагында кармап жатышат. Мунун кыйноо дегенден башка сөз менен айтууга болбойт», — деп жазган ал.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда иш боюнча соттук отурум өтүп жатат. Буга чейин сот отурумдары бир нече жолу жылдырылганы кабарланган.

Эске салсак, 2022-жылы 22-октябрда Кемпер-Абад суу сактагы боюнча комитет түзүлгөн. Ага активисттер, саясатчылар жана парламенттин депутаттары кирген. Ошол эле күнү «Кабар» агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча митинг-жүрүштөрдүн артында кимдер турганы тууралуу маалымат бар экенин билдирген.

23-октябрдан баштап массалык камакка алуулар башталган. Бийлик жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү деген айып менен 27 кишини кармаган. Учурда 11 адам камакта.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Бүткүл дүйнөлүк кыйноолорго каршы уюм (OMCT), Норвегиянын Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду (HFHR), «Свобода сейчас» (Freedom Now) сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары камалган саясатчыларды жана активисттерди тез арада бошотууга чакырган.

Эң көп окулган жаңылыктар