16:38
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Майыптык фактысын аныктоо процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү

Майыптык фактысын аныктоо үчүн 450 документтердин пакети онлайн түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн акселераторлор программасын ишке ашыруунун алкагында экспертизадан өтүү, кайра экспертизадан өткөрүү жана майыптык фактысын аныктоо тартибин санариптик трансформациялоо жүргүзүлдү. Санариптик чечим бейтаптын активдүү катышуусун талап кылбастан мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет.

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында мекемелер аралык кызматташуунун алкагында Бишкек шаары боюнча 450 документтин пакеттери боюнча корутундулар ийгиликтүү түзүлүп, кабыл алынган.

«2024-жылы республика боюнча санариптик чечимди жайылтуу пландаштырылууда. Бул өлкөнүн бардык жарандары үчүн медициналык-социалдык экспертиза процессинин ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун бир топ жогорулатат», — деп белгиледи мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар