09:29
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда сасык тумоо күчөп жатат. Бир жумада 11 миңден ашык учур катталды

Кыргызстанда 11-17-декабрда курч мүнөздөгү вирустук инфекция (ОРВИ) жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 11 миң 575 учурга жетти. Ошондой эле эки адамда COVID-19 аныкталган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, өткөн жумага салыштырмалуу 43,4 пайызга өсүш бар. Бирок былтыркы жылдын ушул мезгилинен айырмаланып, көрсөткүч төрт эсе азайган.

Мониторинг жана эпидемиологиялык абалга баа берүү уланууда.

Белгилей кетсек, курч мүнөздөгү вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборуна чалуулар эки эсеге көбөйгөн. Бейтаптар тез жардамды эки-үч саат күтүүгө аргасыз болушууда.

Эң көп окулган жаңылыктар