22:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандыктар үчүн америкалык визанын мөөнөтү бештен он жылга узартылат

Кыргызстандыктар үчүн америкалык визанын мөөнөтү беш жылдан он жылга чейин узартылат. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, 13-декабрда Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Мамлекеттик департаментинин консулдук бюросунун виза иштери боюнча кеңсесинин директору Брендон Макнерни менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн ортосундагы визалык карым катнашты жакшыртуу маселеси талкууланды.

Элчи кыргыз жарандарына берилүүчү туристтик жана бизнес визанын мөөнөтүн беш жылдан он жылга көтөрүүнү жана визиларга төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн азайтуу маселесин кароону тездетип, аны оң жакка чечип берүүнү өтүндү.

Брендон Макнерни бул маселе АКШнын тиешелүү бийлик өкүлдөрү тарабынан каралып бүтүп калгандыгын, маселе кыргыз тараптын өтүнүчүнө ылайык оң чечилип жаткандыгын жана жакынкы күндөрү анын жыйынтыгы расмий түрдө кабарлана тургандыгын маалымдады.

Ошондой эле Бактыбек Аманбаев АКШнын окуу жайларына өткөн кыргыз жаштарына виза алуу маселесин жеңилдетүүнү жана АКШ атулдарына атаандаш болбой турган тармактарга кыргыз жарандарын жумушка орноштуруу маселесине мыйзамдуу шарт түзүүнү өтүндү. Америкалык тарап элчинин айткандарына макул болуп, бул маселени эки тараптуу консультацияларда кошумча талкуулоо зарылдыгын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар