08:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстан менен Өзбекстан бирдиктүү виза киргизүү маселесин талкуулоодо

Ош шаарында Кыргызстандын Жогорку Кеӊеши менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын II жыйыны өтүүдө. Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү ортосунда бирдиктүү виза киргизүү маселеси каралууда.

Өзбекстан менен Казакстан Евробиримдиктин Шенген визасы сыяктуу «Silk Visa» же «Жибек жолу визасын» быйыл февралда ишке киргизмек. Эки мамлекеттин башка өлкөлөргө карата визалык эрежелери түрдүү болгонуна байланыштуу планды жүзөгө ашыруу кечеңдеген.

Өзбекстандын мамлекеттик туризм комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Улугбек Касимходжаев тараптар «Жибек жолу визасын» ишке киргизүү үчүн жигердүү иштеп жатканын билдирген. «Убакыттын создугуп жатышынын негизги себеби — эки өлкөнүн визасыз режим боюнча жол-жоболору ар башка. Казакстанда визасыз режимге кирген өлкөлөрдүн өзүнчө, бизде өзүнчө тизмеси бар. Башкы максат бул өлкөлөрдүн эки тарапка тең ынгайлуу тизмесин түзүү керек», — деген ал.

Буга чейин «Silk Visa» долбооруна Борбор Азиядагы дагы эки мамлекет — Тажикстан менен Кыргызстан келечекте кошулууга ниеттенип турганы кабарланган. Азербайжан менен Түркияны да жаңы программага тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар